Жаңылыктар
Садыр Жапаров ипотекалык насыяны 25 жылга чейин берүүгө шарт түзгөн мыйзамга кол койду
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров ипотекалык насыяны 25 жылга чейин берүүгө шарт түзгөн мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров ипотекалык насыяны 25 жылга чейин берүүгө шарт түзгөн мыйзамга кол койду. Буга чейин анын мөөнөтү 15 жылга чейин деп белгиленген. 

Жаңы эреже менен эми турак жай үчүн насыя алгандардын ай сайын төлөй турган каражатынын көлөмү кыйла азаят. Ошондой эле 50 жаштан жогору жарандарды да каржылоого жол ачылууда.