Парламенттик шайлоодогу бюллетендерди кол менен саноо бардык добушканаларда жыйынтыкталды.
Анын жыйынтыктары жана бардык округдан алынган маалыматтар эки күндүн ичинде Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сайтында жарыяланат, - деп билдирди БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолугушканда.
Айтымында, бардык протоколдор системага киргизилет. Азыр бирдиктүү шайлоо округу боюнча маалыматтардын 40 пайыздан ашыгы жана бир мандаттуу 21 округ боюнча 100 пайыз добуштар иштелип бүттү.