Жаңылыктар
УКМК БШКнын сайтындагы туура эмес маалыматтардын фактысын текшерүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК БШКнын сайтындагы туура эмес маалыматтардын фактысын текшерүүдө

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо БШКнын маалыматтык шайлоо системасынын баракчасындагы туура эмес маалыматтардын фактысын текшерип жатат. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. 

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын жарыялоодо БШКнын расмий сайтында саясий партиялар алган добуштардын саны боюнча туура эмес маалыматтар көрсөтүлгөн. Бул жагдай БШКнын техникалык адистери тарабынан катталып, ага байланыштуу newess.shailoo.gov.kg веб-ресурсунун программалык кодундагы катаны оңдоо боюнча дароо чаралар көрүлүп, натыйжада веб-сайт туура маалыматтарды көрсөтө баштаган. Бул жагдай маалыматтарды көрсөтүүчү бетиндеги формуланын код бөлүгүндөгү ката менен түшүндүрүлөт жана Автоматтык эсептөөчү урналардан маалыматтарды чогултуу программасы менен эч кандай байланышы жок. 

Сайттын же көрсөтүү баракчасынын программалык кодун иштеп чыгууда жарактуу бюллетендердин санын кошууда ката кетирилген, анын натыйжасында ашыкча маалыматтар көрсөтүлгөн.
Белгилей кетсек, БШКнын техникалык адистери тарабынан жогоруда аталган веб-ресурстун программалык кодун тестирлөөдө механикалык ката табылган эмес.
Маалыматтык шайлоо системасынын Автоматтык эсептөөчү урналарынан маалыматтарды чогултуу программасына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иш-чаралар аралаш системаны колдонуу менен шайлоо өткөрүү үчүн БШК тарабынан ишке ашырылган. Бул программа туура иштеп жатат жана добуштардын саны боюнча туура маалыматтарды көрсөтүүдө.
Киберкоопсуздукту камсыз кылуу максатында, буга чейин УКМК БШК менен биргеликте Маалыматтык шайлоо системасын техникалык текшерүү боюнча иш-чараларды жүргүзүп, киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча тиешелүү сунуштар берилген. Маалыматтык шайлоо системасынын маалыматтык коргоо каражаттарынын журналдык файлдарын алдын ала талдоо, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө БШКнын маалымат тутумдарына компьютердик чабуулдар болгонун көрсөттү. Ошол эле учурда, ушул сыяктуу чабуулдар ар дайым болуп келген, бирок, чабуулдар каттоого алынып, ийгиликтүү четке кагылып турат, бул БШКда маалыматты коргоо каражаттарынын натыйжалуулугун далилдейт. Добуш берүүнүн жыйынтыгы Конституциялык мыйзамга ылайык добуштарды кол менен эсептөөнүн негизинде аныкталат. Азыркы учурда добуштарды кол менен саноо жүргүзүлүүдө, эсептөөнүн жыйынтыктары чыгаары менен БШКнын сайтында жарыяланып турат. УКМК өз ыйгарым укуктарынын алкагында. Маалыматтык шайлоо системасынын киберкоопсуздугун камсыз кылуу үчүн БШК менен өз ара аракеттенүүнү улантууда.