Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында Кореянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде "Борбор Азия – Корея Республикасы" кызматташтык боюнча 14-форуму өттү. Өлкөнүн министрликтери менен ведомстволорунун өкүлдөрүнөн турган Кыргызстандын делегациясын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жетектеп барды.
Иш-чаранын жүрүшүндө Борбор Азия өлкөлөрүнүн делегация башчылары Корея менен токой чарбасы, энергетика, саламаттыкты сактоо жана санариптештирүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алышты. Борбор Азия өлкөлөрүнүн эксперттеринин катышуусунда өзүнчө тематикалык сессиялар өткөрүлдү.
Руслан Казакбаев белгилегендей, аймактык кызматташтык туруктуу тенденцияга ээ болуп, "Борбор Азия – Корея Республикасы" форматында активдүү диалогду жана тажрыйбалык өз ара аракеттенүүнү ар тараптуу куруу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт. Кыргыз дипломаты Борбор Азия өлкөлөрү менен Кореянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгын белгилөө алкагында бир катар иш-чараларды, анын ичинде эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги өз ара визиттерди, бизнес-форумдарды жана эриш-аркак маданият күндөрүн уюштурууну сунуштады.
Форумдун жыйынтыгында Биргелешкен билдирүү жана Форумдун катчылыгынын келерки жылга карата иш планы кабыл алынды, ошондой эле катчылыктын аткаруучу директорлугуна Ли Жонг Гуктун талапкерлиги жактырылды. Кореянын демилгеси менен 2007-жылдан бери жыл сайын уюштурулуп келе жаткан форум экономика, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, курулуш жана транспорт тармагында, илим, маданият, билим берүү, туризм тармагында Корея менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашуу болуп саналат.