Жаңылыктар
Кыргызстанда ВИЧ жуктургандардын саны 11 миңден ашты
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда ВИЧ жуктургандардын саны 11 миңден ашты

Кыргызстанда ВИЧ жуктуруп алгандардын расмий эсеби 11 миңден ашты. Алардын 10 миң 400гө жакыны кыргызстандыктар, калганы чет элдиктер. Оору аныкталгандардын 63% эркектер, 37% аялдар экенин республикалык СПИД бирикмеси кабарлады.

11 миңден ашуун адамдын 36% баңгизатын ийне аркылуу, 48,5% жыныстык катнаштан жугузган. Расмий маалыматка таянсак, өлкөдө ушул тапта ВИЧ илдетине чалдыккан 1817 кош бойлуу келин бар. Акыркы үч жылда ВИЧ инфекциялуу 1500 аял көз жарган. Бир жарым жашка чейинки 400гө жакын бала дарыгерлердин каттоосунда турат. ВИЧтин акыркы стадиясы - СПИД. Бул оорудан Кыргызстанда ушул күнгө чейин 2500ге жакын адам каза тапкан. 1-декабрь - СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү.