Жаңылыктар
Борбор калаада көркөм муз тебүү боюнча мелдеш башталат
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаада көркөм муз тебүү боюнча мелдеш башталат

Борбор калаада болсо бүгүн шаардык муз тебүү аянтчасында балдар, жаштар жана чоңдор арасында көркөм муз тебүү боюнча Бишкек шаарынын мэринин кубогу эл аралык турнири башталат. 

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, үч күнгө созулуучу мелдешке Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан 90дон ашык спортчу катышат. Спорттук иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы Кыргызстандын Коньки тебүү федерациясы менен биргеликте уюштурууда. 

Белгилей кетсек, турнир Кыргызстанда көркөм муз тебүүнү жайылтуу жана өнүктүрүү, спорттук чеберчиликти жогорулатуу жана өлкөнүн мыкты муз тебүүчүлөрүн аныктоо максатында өткөрүлүүдө.