Бишкек мэриясы борбор шаар жаңы жылга жаңыча кооздоло турганын билдирди. Жасалгалаларга улуттук оймо-чиймелер, фейерверктерди жана карды бириктирген майрамдык символдор колдонулат.
Аны дизайнер Нурбек Насыранбеков иштеп чыкканын мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Чыгымдар тууралуу маалымат бериле элек. "Тазалык" ишканасы Ала-Тоо аянтына жаңы жылдык балатыны орното баштады. Анын бийиктиги 25 метр болот.
Адатта Бишкекте майрамдык жасалга жаңы жылга эки апта калганда аяктап, балатынын чырактары күйгүзүлөт.