Бишкек мэриясы борбор шаар Жаңы жылга жаңыча кооздоло турганын билдирди.
Жасалгалаларга улуттук оймо-чиймелер, фейерверктерди жана карды бириктирген майрамдык символдор колдонулат. Аны дизайнер Нурбек Насыранбеков иштеп чыкканын мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Чыгымдар тууралуу маалымат бериле элек. "Тазалык" ишканасы Ала-Тоо аянтына Жаңы жылдык балатыны орното баштады. Анын бийиктиги 25 метр болот.
Адатта Бишкекте майрамдык жасалга Жаңы жылга эки апта калганда аяктап, балатынын чырактары күйгүзүлөт.