Бул жолку шайлоонун өтүшү тууралуу коомчулукта ар кандай пикирлер айтылууда. Азыркы тапта үкөктөрдөгү добуштарды кол менен саноо иштери аягына чыга элек.
Бирок айрым саясий атаандашуудан электрондук саноонун жыйынтыгы менен жеңилген тараптар ар кандай акцияларды өткөрүп жатканына шаар тургундары нааразы. Эл өлкөнүн туруктуулугу үчүн митингдерди өткөрбөй, шайлоонун жыйынтыгын таанып, андан ары ишти улантууну туура көрөт.
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын расмий жарыялай элек. Бирок үкөктөрдөгү добуштар электрондук эсептелген жыйынтыктар жарыяланды. Бирок бул - акыркы тыянак эмес. Колдо саналып чыккан добуш берүүнүн жыйынтыгы менен өзгөрүүлөр болот. Жалпысынан саясий өнөктүктүн өтүшүнө коомчулуктун пикирин уксак.