Жаңылыктар
Саясатташкан коомдон жаратман коомго айлануу учурдун талабы
Кыргызстан жаңылыктары
Саясатташкан коомдон жаратман коомго айлануу учурдун талабы

Саясатташкан коомдон жаратман коомго айлануу учурдун талабы. Азыр шайлоодо ат салышкандардын ар бири саясий маданияттуулугун көрсөтүп, өлкөнүн туруктуулугун, өнүгүүсүн жогору коюулары керек. Мындай пикирин билдирген коомдук ишмерлер, саясат таануучулар элдин тандоосун сыйлоо зарылдыгын белгилешүүдө.

Бул жолку шайлоо добуш сатылбай, административдик ресурстарды колдонуусуз өттү. Мурдагыдай мыйзамсыз аракеттерге жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүн, мугалим, доктур, квартал башчыларын аралаштырууга жол берилген жок. Президент парламенттик добуш берүүнү кынтыксыз, жогорку деңгээлде уюштуруу керектигин ар дайым эскертип келди.