Шайлоо комиссиялары парламенттик шайлоого добуш берген бюллетендерди колго санап жатышат. Бирок, алардын жыйынтыгын айтуу дагы бир аз убакытты талап кылышы мүмкүн.
Анткени бир мандаттуу жана партиялык система менен аралаш шайлоо өткөндүгүнө байланыштуу жыйынтыкты дароо эле жарыя кылуу мүмкүн эмес. Анткен менен эл аралык байкоочулар Кыргызстандын шайлоо процессинде колдонулган технология башка бир катар өлкөлөргө караганда алда канча алдыда экендигин белгилешүүдө.