Жаңылыктар
Кыргызстанда жыл башынан бери депозиттин көлөмү 37 миллиард сомго көбөйдү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда жыл башынан бери депозиттин көлөмү 37 миллиард сомго көбөйдү

Кыргызстанда ушул жылы банктардагы депозиттердин көлөмү дээрлик 37 миллиард сомго көбөйдү, бул кезектеги рекорддук көрсөткүч болуп саналат. Мындай тыянакка Улуттук банктын маалыматтарын карап чыгуу менен келүүгө болот. 

Башкы банк депозиттеги каражатты каттоого алып турат. Мындан тышкары, бул көлөмгө эсептөөдөгү акча да киргизилген. Аманаттык каражат жеке жана юридикалык жактардыкы экени айтылды. Өткөн жылдын аягында каражаттын көлөмү 180 миллиард сомдон ашкан. Андан соң бир аз азайып, кийин өсө баштаган, ал эми март айынан тарта жаңы көрсөткүч болгон.

Октябрдын соңунда аманаттардын көлөмү 218 миллиард сомго чейин өскөн. Октябрь айында депозиттик база 6 миллиард 458 миллион сомго көбөйгөн.