Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы жөнүндө Жобо бекитилди. Тиешелүү Жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.
Жобо боюнча, Кыргызстандын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы өлкөнүн көп улуттуу маданиятын байыткан, эстетикалык жана тарбиялык чоң таасири бар, кеңири коомдук таанууга ээ болгон адабият жана искусство жаатында: көрүнүктүү поэзия, проза, драматургия, музыка, кино, архитектура жана скульптура, театр жана көркөм сүрөт искусствосу, радио жана телечыгармалар үчүн республиканын жарандарына берилет.
Маданият жана маалымат чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана чыгармачылык бирликтери Мамлекеттик сыйлыкты ыйгарууга эмгектерди көрсөтүүгө укуктуу.