Жаңылыктар
Бажы чек арасы аркылуу товар өткөрүүдө коридорлордун түрлөрү аныкталды
Кыргызстан жаңылыктары
Бажы чек арасы аркылуу товар өткөрүүдө коридорлордун түрлөрү аныкталды

Бажы чек арасы аркылуу товар өткөрүүдө коридорлордун түрлөрү аныкталды.

Тийиштүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, мындай чечим Евразия экономикалык бирлигинин чек ара аркылуу товарларды өткөрүүнү тездетүү жана жөнөкөйлөтүү үчүн тобокелдиктерди башкаруу системасын пайдалануу максатында кабыл алынган.

Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык, чек арадан товарларды өткөрүүдө коридордун төмөнкүдөй түрү аныкталды: "жашыл коридор" – тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чаралар колдонулбайт, "сары коридор" – документтерди текшерүү менен байланышкан тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чаралар колдонулат, "кызыл коридор" – "бажылык жана башка документтерди жана маалыматты текшерүү" жана бажы көзөмөлүнүн формаларын милдеттүү түрдө колдонуу менен тобокелдиктерди минималдаштыруу үчүн бардык чаралар колдонулушу мүмкүн.