Жаңылыктар
Кышкы туризм мезгили ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Кышкы туризм мезгили ачылды

Ысык-Көл облусунда кышкы туризм мезгили расмий ачылды. Адистердин белгилөөсүндө быйыл кышкы туризм убагы мөнөтүнөн 15-20 күнгө кеч башталды. Буга аба ырайынын жылуу болушу себеп болгон. Ошентсе да, аймактагы кышкы туризмди жандантып, чет элдик туристтерди көбүрөөк тартуу аракети көрүлүүдө. 

Швейцариялык туризмди Кыргызстанда туруктуу өнүктүрүү долбоорун жайылтуу максатында Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги, ата мекендик өнөктөштөр, туристтер жана эс алуучулар чогулушту.