Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанды 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун тынч жана ийгиликтүү өтүшү менен куттуктаган маалыматты өз расмий сайтына жана "Твиттерде" жарыялады.
"2021-жылдын 28-ноябрында Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоо тынч жана ийгиликтүү аяктаганына кубанычтабыз. Биз тарыхый жана маданий байланышта болгон Кыргызстандын туруктуулугуна жана гүлдөп өнүгүшүнө өзгөчө маани беребиз. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы дос жана боордош Кыргызстан үчүн байсалдуу болушун каалайбыз", - деп жазылган билдирүүдө.
Түркиядагы кыргызстандыктар Анкарадагы элчиликте, Стамбулдагы жана Анталиядагы башкы консулдуктарда добуш беришти. Бул эки тилкеде жалпысынан 3131 шайлоочу катталган.