Жаңылыктар
КМШ байкоочуларынын техникалык мүчүлүштүктөрдү көзөмөлдөгө мүмкүнчүлүгү жок
Кыргызстан жаңылыктары
КМШ байкоочуларынын техникалык мүчүлүштүктөрдү көзөмөлдөгө мүмкүнчүлүгү жок

Парламенттик шайлоо Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык өткөрүлдү. КМШнын байкоочулар миссиясынын техникалык мүчүлүштүктөрдү көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү жок, бирок биз бийлик аны иретке келтирип, добуштарды ачык-айкын эсептөө үчүн бардык зарыл иштерди жасайт деп ишенебиз - деди КМШнын аткаруу комитетинин төрагасы - аткаруучу катчысы Сергей Лебедев брифингде. 

Биз Кыргызстанда туруктуулук болуп, анын гүлдөп өнүгүүсүнө кызыкдарбыз. Укуктук чөйрөдө болгон бардык маселелерди чечүү үчүн мыйзамдуу негиздер бар, бирок мыйзам чегинен чыга албайсың - деген ал күрөштө татыктуу ойнош керек, анда жеңгендер да, жеңилгендер да болот деп кошумчалады.