Жаңылыктар
Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 29-ноябрда жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 55-107-чакырымдарында, Ала-Бука - Каныш-Кыя - Кызыл-Адыр унаа жолунун 219-237-чакырымдарында жана Каракол - Эңилчек унаа жолунун 74-85-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. 

Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жолго чыккан айдоочуларды этият болууга чакырат.