Жаңылыктар
Кыргызстанга дүйнөдөгү эң ири "Кыял" учагы конду
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанга дүйнөдөгү эң ири "Кыял" учагы конду

Кыргызстанга дүйнөдөгү эң ири Ан-225 "Мрия" же "Кыял" аба кемеси учуп келди. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти. 

"Узундугу 84 метр, бийиктиги 18,2 жана эки канатынын узундугу 88,4 метрге жеткен бул жүк ташуучу учакты дүйнөдөгү бардык эле аэропорттордун кабыл алуу мүмкүнчүлүгү жете бербейт", — деп айтышты аба майдандан.

Ан-225 "Мрия" - украин тилинен которгондо "кыял" дегенди билдирет жана ал дүйнөлүк авиация тарыхында эң ири жана көп жүк көтөрө алган учак. Май толук куюлган учурда 15 миң чакырымды учуп өтө алат. Кыргызстанга бул учак үчүнчү ирет келип жатат, буга чейин 2013үнчү жана 2018-жылдары "Манас" аэропортуна конгон.