Президент Садыр Жапаров жумуш сапары менен Түркмөнстанда болду. Өлкө башчысы Ашхабад шаарында Экономикалык кызматташтык уюмунун 15-саммитине катышты. Президент жыйында тынчтык жана туруктуулук болмоюнча, экономика жаатында ийгиликтүү кызматташуу мүмкүн эмес экенин белгилеп, аймактык коопсуздук маселесине токтолду.
Флагштокторго илинген Кыргызстандын жана Түркмөнстандын мамлекеттик желектери, төшөлгөн килем, ардактуу кароол Ахшабадга иш сапары менен барган Президент Садыр Жапаровду тосуп алуу үчүн даярдалган.
Алгач өлкө башчысы Гурбангулы Бердымухамедов менен расмий жолугушту. Лидерлердин учурашуусунан кийин эки мамлекеттин гимндери жаңырды.
Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушкан Садыр Жапаров кыргыз-түркмөн мамилелеринин учурдагы абалын талкуулашты. Ошондой эле Экономикалык кызматташтык уюмунун күн тартибиндеги долбоорлорду, жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн ортого салышты. Түркмөнстандын Президенти Садыр Жапаровду жылуу куттуктап, юбилейлик саммитке катышуу боюнча чакыруусун кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедовго жылуу кабыл алгандыгына жана чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, бул биргелешкен кызматташтыктын учурдагы абалын талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүк экенин белгиледи. Садыр Жапаров кыргыз тарап Түркмөнстан менен соода-экономикалык, энергетикалык жана башка тармактарда кызматташууну тереңдетүүгө өзгөчө маани берерин айтты. Жолугушууда президенттер эки элдин жыргалчылыгы үчүн кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.