Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Ашхабадга келди
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров Ашхабадга келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда, жумушчу сапары менен Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарына келди.

Мамлекет башчынын учагы Ахшабад шаарындагы эл аралык аэропортко конду, анда Кыргыз Республикасынын жана Түркмөнстандын мамлекеттик желектери флагштокторго илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген.

Эске салсак, жумушчу сапарынын алкагында Президент Садыр Жапаров Экономикалык кызматташтык уюмунун 15-саммитине катышат.