Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров биринчи жолу электрондук санариптик колтамгасы бар документтерге кол коюп, Infodocs тутуму аркылуу аткарууга жөнөттү.
Президенттин Администрациясы кагазсыз электрондук документ жүгүртүүгө өтүүнүн алкагында жана Мамлекет башчынын "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияларды киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыгын аткаруунун алкагында электрондук документ жүгүртүү тутумун ишке киргизди.
Бул системаны ишке киргизүү кагаз менен иштөө процессин жоюуну тездетип, документ жүгүртүү процессинин ыкчамдуулугун жана натыйжалуу олуттуу түрдө жогорулатат. Борборлоштурулган системанын артыкчылыктарынын бири - мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө баа берүү жана мониторинг жүргүзүү.
Учурда 853 мамлекеттик органда, аларга караштуу ведомстволук жана аймактык түзүмдөрдө электрондук документ жүргүзүү ишке киргизилген.
Аны пайдалануучулардын саны мамлекеттик жана муниципалдык органдардын 32 миң кызматкерин түзөт. Тутум ишке киргизилгенден бери 2 миллион 161 миң документ катталган.