Борбор калаанын жолдорундагы карды тазалоо үчүн 38 техника колдонулуп, ишке 715 жумушчу чыкты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, эртең менен каттамга 198 автобус, 129 троллейбус жана 670 кичи автобустар чыккан. 20 тонна техникалык туз шаардын 133 көчөсүнө себилди. Жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук транспорттор штаттык режимде каттамга чыгышкан.