Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгында бүгүн, 26-ноябрда, Коопсуздук кеңешинин жыйыны болот. Жыйында алдыдагы парламенттик шайлоону өткөрүү маалында коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо, өлкөнүн экономикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселелери каралат. 

Мындан сырткары, өлкөнүн Улуттук коопсуздугунун концепциясы каралат. Иш-чарага Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү: Төраганын орун басары Таалатбек Масадыков, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, Президенттин Администрациясынын Жетекчиси - Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары -Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Ички иштер министри Улан Ниязбеков, Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Коргоо министри Бактыбек Бекболотов катышат. 

Ошондой эле, жыйынга Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, өлкө Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери жана башкалар катышат. Жыйын КТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын жана социалдык баракчалардын түз эфиринде чагылдырылат. Түз эфир саат 10:00дө башталат.