Жаңылыктар
Өлкөдө жыл башынан бери 94 миллиард сомдон ашык салык чогулду
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө жыл башынан бери 94 миллиард сомдон ашык салык чогулду

Өлкөдө жыл башынан бери 94 миллиард сомдон ашык салык чогулду. Бул мурдагы жылдарга салыштырмалуу жана быйылкыга пландалгандан кыйла көп көлөм. Мамлекеттик салык кызматы мындай оң натыйжанын бир нече себептерин атады.

Салык саясатында иштин жаңы ыкмалары колдонулууда. Мамлекеттик салык кызматы товарларды көзөмөлдөп турган “Жыйынды пост”, ЕАЭБде соода жүгүртүүнүн алкагындагы кыйыр салыктарды башкаруу, салык жол-жоболорун санариптештирген “Смарт салым”, электрондук эсеп-фактура жана башка долбоорлор салыктын көп чогулушун шарттаганын билдирүүдө.