Ишкер субъектилерин колдоо максатында Бишкек шаарында тейлөө борбору ачылды. Бул жайда ишмердүүлүгү ишкерлер менен түз байланышкан бардык мекемелердин өкүлдөрү жайгашып, ыкчам тейлөөгө ыңгайлуу шарт түзүлдү. Азырынча мындай борбор калаада эле ачылды. Эми өлкөнүн бир топ ири шаарларында ачылат деп болжолдонуп жатат.
Ишкана же болбосо анча чоң эмес компания ачыш үчүн ишкерлерге юстиция министрлигинен баштап бийликтин бир нече бутагына чейин кайрылууга туура келчү. Эң аз дегенде бир жумалык убактысын коротчу. Азыр керектүү документтерди алып, уруксат алыш үчүн ишкерлер тейлөө борборуна кайрылса болот. Адистер бул жерден кеминде 3 күн аралыгында бардык суроолорду чечип берет.