Жаңылыктар
Ош шаарында окуучулар үчүн жол кире жогорулаган жок
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарында окуучулар үчүн жол кире жогорулаган жок

Бүгүн, 25-ноябрда өткөн Ош шаардык кеңешинин кезексиз сессиясында эл өкүлдөрүнүн добуш берүүсү менен кичи автобустарга болгон төлөм күндүзү 15 сомго, кечки саат 19:00дөн 21:00гө чейин 20 сомго көтөрүлдү. Ал эми окуучулар үчүн жол кире жогорулаган жок. Жаңы тариф 1-декабрдан тарта күчүнө кирет.

Шаардык кеңештин кезексиз сессиясына мэр Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков жана депутаттар катышты. 

Вице-мэр Сонунбек Жунусбаев бүгүнкү күндө күйүүчү май, автоунаа тетиктеринин кымбаттаганына байланыштуу көпчүлүк айдоочулар линияга чыгуудан баш тартканын билдирди. Ага ылайык жол акысын жогорулатуу зарылчылыгы жаралгандыгы айтылды. 

Шаардык кеңештин депутаттары кичи автобустардын техникалык абалын жакшыртуу, каттамын көбөйтүү, кечки убакытта да каттоосун камсыз кылуу сыяктуу маселелерди көтөрүштү.