Жаңылыктар
УКМК: Эсептөө палатасынын кызматкерлери коррупция фактысы боюнча кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Эсептөө палатасынын кызматкерлери коррупция фактысы боюнча кармалды

Эсептөө палатасынын аудитору жана инспектору коррупция фактысы боюнча кармалганын УКМКдан билдиришти. Акцияларынын 100 пайызы мамлекетке тиешелүү болгон "Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясында ири өлчөмдөгү зыян келтирилген коррупциялык фактылар аныкталды. 

Эсептөө палатасынын кызмат адамдары аталган авиакомпаниянын жетекчилиги менен жең учунан сүйлөшүп алып, пландуу текшерүүлөрдүн жүрүшүндө мамлекетке 3 млн 160 миң 903 доллар зыян келтирилгендигин атайлап жашырышкан. Эсептөө палатасынын аудитору менен инспекторуна "Коррупция" боюнча кылмыш иши козголуп, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы каралды. Тергөө уланууда.