Жаңылыктар
ИИМ: Ош шаарында добуш сатып алууга шектүүлөр кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ: Ош шаарында добуш сатып алууга шектүүлөр кармалды

Ош шаарында шайлоочуларды сатып алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Шаардык милиция тарабынан "Ыйман Нуру" саясий партиясына добуш берүү үчүн акча каражаттары таратылгандыгы аныкталган. Тергөөнүн жүрүшүндө партиянын штаб жетекчиси ар бир шайлоочунун добушуна миң сомдон деп акча каражаттары ортомчулар аркылуу кармалган эки жаранга бергенин билдирген. Кармалгандар Ош шаардык милиция башкармалыгынын кармоочу жайына киргизилди.