Голливуд жылдызы Холли Берринин кыргызстандык спортчу, UFC чемпиону Валентина Шевченко катышкан "Көгала болгондо" киносунун бет ачары болуп, Netflix кызматынын айлануусуна чыкты.
Бул Холли Берринин режиссердук алгачкы эмгеги. Анда башкы ролду актриса өзү ойногон. Ал эми Шевченко башкы ролдогу Жекинин, тагыраагы, Холли Берринин спорттогу атаандашы болот. Сценарий боюнча, Жекинин карьерасы кичинекей уулу менен мамилесин оңдогондон кийин жанданат. Валентина Lady Killer каймана аты бар мушкердин ролун аткарат. Жеки маанилүү беттеште аны менен кармашып, мурдагы атак-даңкын кайтаргысы келет.