Жаңылыктар
Саркынды суу кудуктарынын капкактарын уурдап саткандарды билдириңиз
Кыргызстан жаңылыктары
Саркынды суу кудуктарынын капкактарын уурдап саткандарды билдириңиз

Бишкек мэриясы саркынды суу түтүктөрдүн кудуктарынын капкактарын уурдап, темир алган сатуучуларга саткан фактылар болсо билдирүүнү өтүнөт. 

"Бишкек суу канал" ишканасынын карамагында 31 миң 890 кудук бар. Анын 23 миң 390у саркынды суу жана 8 миң 500ү таза суу түтүктөрүнүкү. 11 айда 140 жаңы кудук пайда болгон. Калаа бийлиги белгилегендей, акыркы жылдары капкактарды уурдоо фактылары көбөйгөн.

Мэрия ачык калган кудукту көргөндөрдү "1533" кыска номуруна, эгер капкактарды уурдап жаткандарды байкаса, "102" номуруна кабарлоону өтүндү.