Жаңылыктар
Жалган маалымат тараткандар жоопко тартылат
Кыргызстан жаңылыктары
Жалган маалымат тараткандар жоопко тартылат

23-ноябрда "Социал-Демократтар" партиясынан талапкер Темирлан Султанбеков УКМКнын төрагасына жеке жолугушуу өтүнүчү менен кайрылган. 

Аны менен комитеттин кызматкери сүйлөшүп, ал өлкөнүн жараны катары шайлоо процессинин бузулушунун фактыларын көрсөтүү менен УКМКнын төрагасына кайрылууга укуктуу экенин, ага мыйзамда белгиленген мөөнөттө текшерүүнүн жыйынтыгы жана көрүлгөн чаралар боюнча негиздүү жооп берилери тууралуу маалымат берген. 

Ошону менен бирге, Султанбековго атайылап жалган маалымат таратуу боюнча жоопкерчилик бар экендиги эскертилди. Бирок, талапкер расмий кайрылуудан баш тарткан. Айта кетсек, үгүт мезгилинде УКМКнын төрагасы талапкерлерди жеке кабыл албайт.