Борбор калаанын эски аянтында ички иштер органдарынын Бишкек гарнизонунун саптык кароосу өттү.
Анда парламенттик шайлоого даярдык көрүүдө коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого өздүк курамдын кызмат өтөөсүнүн даярдыгы текшерилди.
Шайлоо күнү 11 миңден ашуун милиция ар бир тилкеге бекитилет. Ички иштер министрлигинин түзүмдүк бөлүктөрүнө шайлоо комиссияларынын коопсуздугу, бюллетендерди шайлоо тилкелерине коштоп жеткирүү, шайлоо жабдыктарынын жана иш-кагаздарынын сакталышы боюнча жоопкерчилик жүктөлгөн.
Милиция 25-29-ноябрь күндөрү күчөтөлгөн күжүрмөн баскычына өтүп, элдик кошундар менен бирге күнү-түнү кызмат өтөөчү посттор уюштурулат. Андан сырткары, республикадагы бардык маанилүү объектилер күчөтүлгөн тартипте кайтарууга алынмакчы.