ЮНЕСКОго мүчө-мамлекеттер Кыргызстан тарабынан демилгеленген "Тоо мөңгүлөрүнө мониторинг жана изилдөө иштерин кеңейтүү" аталышындагы резолюцияны бир добуштан колдоду.
Аны Президент Садыр Жапаров эки ай мурда Нью-Йоркто өткөн БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын жалпы дебаттарында сунуштаган болчу.
Аталган резолюция келечек муунга коопсуз жана туруктуу айлана-чөйрөнү камсыздоого багытталган.