1-декабрдан 3-декабрга чейин "Кызыл-Кыя-унаа жолу" бекети жабылат. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.
Кыргызстан менен Өзбекстандын көзөмөл-өткөрүү пункттарында асфальт төшөө иштери катарлаш жүргүзүлүп жатканына байланыштуу унаалардын аталган посттор аркылуу жүрүшүнө чектөө киргизилет.
Буга байланыштуу кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынан жүктөрдү жана транспорттук каражаттарды өткөрүү "Достук" пункту аркылуу ишке ашырылат. 4-декабрдан тарта "Кызыл-Кыя" бекети кадимки тартипте иштей баштайт.