Жаңылыктар
Бишкекте ишкерлерди колдоо максатында тегерек стол өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте ишкерлерди колдоо максатында тегерек стол өттү

Бишкекте ишкерлерди колдоо максатында "Кыргызстанда бизнести кантип текшерүү керек" деген темадагы тегерек стол өттү. 

Анда текшерүү органдарынын иштөө тартиби, алардын иш ыргагын өзгөртүү жана ишкерлерге болгон айыпты кыскартуу тууралуу маселелер талкууланды. Ошондой эле, Литвадан келген адис эл аралык бизнес чөйрөсүндө текшерүүчүлөр кандай тобокелдиктерге барышат, алар ишкерлерди бир эле текшерүү менен чектелбестен, мыйзамдын негизинде жардам берүү тажрыйбалары менен бөлүштү. 

Айтымында, дүйнөнүн 19 өлкөсүндө текшерүүчү болгон. Иш-чара мамлекет башчынын "Мыйзамдарга инвентаризация жүргүзүү жөнүндөгү" жарлыгына ылайык уюштурулду.