Жаңылыктар
Баткенде жарандыкка жөнөкөйлөтүлгөн тартипте каттоо үчүн документтерди кабыл алуу башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде жарандыкка жөнөкөйлөтүлгөн тартипте каттоо үчүн документтерди кабыл алуу башталды

Баткен облусунда 23-ноябрдан тарта жөнөкөйлөтүлгөн тартипте Кыргызстандын жарандыгына каттоо үчүн документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу өлкөнүн Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Документтерди кабыл алуу пункту Баткен шаарындагы Калкты тейлөө борборунун имаратында ачылган. Бир күндүн ичинде аталган жайга 100дөн ашык адам кайрылганы айтылды. Аларга кеңеш берилип, жеке идентификациялык номерлер, жарандыкка каттоо үчүн тийиштүү документтер берилген. Президенттин жарлыгына ылайык, Санариптик өнүктүрүү министрлиги июль айынан бери этникалык кыргыздар жана Кыргызстандын жарандыгы жок кыргыз улутундагы адамдар үчүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте иш кагаздарын жүргүзүүдө. 

Бул боюнча документтерди кабыл алуу пункту ошол айларда биринчилерден болуп Бишкек шаарында ачылган. Үч айда 483 кайрылуу түшкөн. Президенттин алдындагы жарандык боюнча комиссия 83 материалды карап жатат, 31 этникалык кыргыз Кыргызстандын жарандыгын алды.