Россиянын Свердлов облусунан Советтер Союзунун Баатыры Иван Панфиловдун жаңыланган эстелиги Кыргызстанга жөнөтүлдү. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Эстеликти реконструкциялоо долбоору Кыргыз-Россия аймактар аралык маданий-гуманитардык кызматташтыгынын алкагында ишке ашырылган. Ал Свердлов облусу тарабынан Кыргызстандын борбор шаарына белекке берилет. Колодон жасалган айкел Бишкектеги Панфилов атындагы сейил багындагы эстеликтин түп нускасынын кѳчүрмѳсүнүн негизинде куюлган.
Айкелдин ачылыш аземи декабрь айынын башында борбор калаанын сейил багында Кыргызстан менен Россиянын расмий өкүлдөрүнүн катышуусунда боло тургандыгы мерчемделген.