ЮНЕСКО Кыргызстан тарабынан демилеленген тоо мөңгүлөрүн сактоо жөнүндө резолюцияны кабыл алды.
23-ноябрда Парижде өткөн ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 41-сессиясынын жүрүшүндө мүчө-мамлекеттер бир добуштан Президент Садыр Жапаров тарабынан үстүбүздөгү жылдын сентябрында Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын жалпы дебаттарында айтылган "Тоо мөңгүлөрүнө мониторинг жана изилдөө иштерин кеңейтүү" аталышында резолюцияны колдогон.
Белгилей кетсек, резолюциянын башкы максаты - тоо мөңгүлөрүнө мониторинг жана изилдөө маселелери боюнча эл аралык кызматташтыкты бекемдөө. Туруктуу өнүгүү жана реализациялоо күн тартиби – 2030дун принциптеринин негизинде биргелешкен иш аракеттер аркылуу келечек муунга коопсуз жана туруктуу айлана-чөйрөнү камсыздоо.