Боршайком Талас облусунун Манас округунан талапкер Дастан Жумабековго айып салды. Ага карата бир канча жолу даттануулар болгон.
Билдирүүдө социалдык тармакта талапкердин үгүт материалдарын колдонуу аркылуу шайлоочулар менен жолугушуусу тууралуу видеотасма жарыяланганы айтылат. БШКнын жумушчу тобу басма сөз жана башка үгүт материалдарынын көчүрмөлөрү жана алардын көчүрмөлөрү БШКга берилиши керектигин белгилейт. Талапкерге 7 жарым миң сом айып пул салынды.
Экинчи билдирүүдө Покровка айылында талапкер Дастан Жумабеков мамлекеттик желектин сүрөтүн колдонгон үгүт иштерин жүргүзгөнү айтылат. Жумушчу талапкердин мамлекеттик желекти колдонуусун чектеген норма жок экенин, бирок талапкерге үгүт материалдарын чыгарууда жана таратууда мамлекеттик символдор жөнүндө мыйзамдын нормаларын сактоону сунуштады.
Үчүнчү арызда талапкердин бир тууганы Сабырбек Жумабеков кайрымдуулук иштери менен алектенип жүргөндүктөн талапкердин үстүнөн арызданышкан. Айыптын жалпы суммасы 22 миң 500 сомду түздү.