Жаңылыктар
Адистер жылуулук үчүн электр энергиясын колдонбоого чакырат
Кыргызстан жаңылыктары
Адистер жылуулук үчүн электр энергиясын колдонбоого чакырат

23-ноябрга карата электр энергиясын суткалык керектөө Министрлер Кабинетинин токтому менен белгиленген электр энергиясын керектөө чегинен ашык колдонулууда. Бул тууралуу "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ишканасынын маалымат кызматы билдирди. 

Буга байланыштуу ишкана ири жана өндүрүштүк абоненттерге электр энергиясын үнөмдөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, энергияны көп талап кылган өндүрүштүк объектилерди өчүрүү менен жүктөмдөрдү чектөө чараларын, ошондой эле электр энергиясынын топтолушу боюнча түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен иш-чараларды жүргүзүүдө. Адистер энергияны үнөмдөп, жылуулук үчүн электр энергиясын колдонбоого чакырат.