26-27-ноябрда түнкүсүн туруксуз аба - ырайы күтүлөт. Бул күндөрү өлкөнүн кээ бир аймактарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы, зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы кескин төмөндөйт.
26-27-ноябрларда Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9° суук, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…-5°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 1…6° жылуу, 27-28-ноябрларда Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -2…-7°, тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.