Журналист Исаков өзүнүн ютуб каналында “Азаттык” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин Ош шаарынын борбордук аянтында өткөн үгүт жыйынынан репортаж жарыялады.
Тактап айтканда, Исаков өлкөдө шайлоо процессинде экскурсия өткөрүү шылтоосу менен ОшМУнун педагогикалык факультетинин, Ош техникалык университетинин курулуш факультетинин окутуучулары административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланып, студенттерди шайлоого катышууга алып келишкендигин белгиледи. Маалымат текшерүү үчүн Ички иштер министрлигине берилип, материалдар “Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча каттоого алынды.
Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө педагогика жана дене тарбия факультетинин окутуучулары экскурсия өткөрүү шылтоосу менен ОшМУнун 1-курсунун студенттерин “Азаттык” партиясы уюштурган иш-чарага тартканы аныкталган. Мугалимдер Идаев менен Турдубаевге «Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу» беренесин бузган деген шек менен эскертүү берилди.
Билим берүү жана илим министрлиги ЖОЖдордун ректорлорунун, орто кесиптик билим берүү мекемелеринин жана кесиптик лицейлердин директорлорунун катышуусунда профессордук-окутуучулук курамын жана студенттерди шайлоо процесстерине тартуу боюнча кеңешме болуп өткөнүн жана андан баш тартуу боюнча сунуштар берилгени боюнча кат жолдоду. Мындан тышкары, ОшМУнун жана ОшТУнун жетекчилиги тарабынан жогорку окуу жайлардын күнөөлүү кызматкерлерине дисциплинардык жаза чаралары колдонулду.