Ысык-Көл облусунда "Арсенал" операциясы өтүп жатканын облустук милициядан кабарлашты. Иш-чара ок атуучу куралды колдонуу менен жасалган кылмыштардын алдын алуу, куралдар жана ок-дарылардын катышуусунда укук бузуларга жол бербөө максатында өтүп жатат.
Операцияга 300дөн ашык милиция кызматкери тартылып, жарандар тарабынан катталган куралдардын сакталышынын эрежелери текшерилип, мыйзамсыз сакталган куралдардын ээлери аныкталууда. Операциянын биринчи күнүндө, 4 мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал аныкталып, териштирүү иштери жүрүүдө. Мындан сырткары Түп районунун Шаты айылынын тургуну катталбаган сайсыз мылтыкты өз ыктыяры менен өткөрүп берди.
Милиция мыйзамсыз сактаган курал-жарактарды өз ыктыярлары менен ички иштер органдарына өткөргөн жарандар, жоопкерчиликтен бошотуларын эскертүүдө. "Арсенал" операциясы уланууда.