Carcheck автокызматы эми бекер болбойт, тагыраагы, аны пайдалануу үчүн акча төлөөгө туура келет. Алдын ала берилген маалыматтарга таянсак, электрондук форматтагы маалымат 10 сом болот.
Санариптик өнүктүрүү министрлигинен машина боюнча документти кагаз түрүндө алганда 120 сомго чыгарын айтышты. Бул чара кызматты жакшыртуу жана электрондук түрдө бериле турган маалыматтардын тизмесин кеңейтүү үчүн көрүлүп жаткандыгына байланыштуу.
Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, 1-июлдан тарта унаалар боюнча маалыматты электрондук түрдө алууга болот деген өзгөртүү киргизилген. Азыр онлайн-тартипте portal.tunduk.kg мамлекеттик порталы жана Carcheck электрондук кызматы аркылуу каалаган унаа боюнча маалымат алууга мүмкүнчүлүк бар. Кызмат 2019-жылы ишке кирген.