Руслан Казакбаев Европа Биримдиги – Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан жыйынына катышты.
Жолугушууда мамилелерди өнүктүрүү маселелери, Ооганстандагы окуяларга басым жасоо менен коопсуздуктун жалпы чакырыктары, экономикалык кызматташтык, соода-инвестициялык мамилелер, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо, суу жана климат боюнча кызматташтык маселелери талкууланды. Казакбаев Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу үчүн олуттуу дараметке басым жасады.
Тараптар радикалдашуу коркунучу, эл аралык терроризмдин күчөшү, баңги аткезчилигинин көбөйүшү, мыйзамсыз миграцияга тынчсыздануусун билдирип, аймактагы коомдук коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу боюнча биргелешкен аракеттерди талкуулашты.