Жаңылыктар
Балдардын окуусун жана өнүгүүсүн колдоо боюнча жаңы санариптик демилге сунушталды
Кыргызстан жаңылыктары
Балдардын окуусун жана өнүгүүсүн колдоо боюнча жаңы санариптик демилге сунушталды

Билим берүү жана илим министрлиги балдардын окуусун жана өнүгүүсүн колдоо боюнча эки жаңы санариптик демилгени сунуштады. 

Биринчиси - "Билимдүү муун" деп аталган билим берүү паспорту, экинчиси ата-энелер үчүн "Bebbo" мобилдик тиркемеси. Платформалар балдардын мектепте, үйдө жаш курагына ылайыктуу сапаттуу окутуу булагына болгон муктаждыктарын канааттандыруу үчүн иштелип чыкты. 

Bebbo колдонмосу алгач Европанын жана Борбор Азиянын 11 өлкөсүндө жеткиликтүү болот. Ата-энелерге балдардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө, тамактануу, эрте билим алуунун кеңири чөйрөсү боюнча эксперттик кеңештерди берет. Тиркеме кыргыз жана орус тилдеринде жеткиликтүү.