Акылбек Жапаров Россиянын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Антон Вайно менен жолугушту. Жолугушууда Жапаров Россия тарапка пандемия жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө туруктуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Антон Вайно мамлекет башчыларынын администрацияларынын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнө даярдыгын ырастап, парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүүнү каалады. Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттер ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.