Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Москва шаарында Россиянын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушту.
Тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана отун-энергетикалык чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн негизги маселелерин талкуулашты. Муну менен бирге Кыргызстанда билим берүү мекемелерин куруу боюнча долбоорду баштоонун маанилүүлүгү белгиленди. Акылбек Жапаров 1-декабрдан баштап өлкөлөр ортосунда аба каттамдардын саны көбөйтүлгөнүн, гуманитардык жардам катары берилген 200 миң доза "Спутник лайт" вакцинасы үчүн ыраазычылык билдирди. Тараптар салык жана бажылык башкаруу системасын санариптештирүү, анын ичинде салык жана бажы процедураларын фискалдаштыруу маселелерин талкуулап, Кыргызстанда заманбап дата-борборду түзүү зарылдыгын белгилешти.
Михаил Мишустин эки тараптуу кызматташууну жаңы, жогорку деңгээлге чыгарууга кызыкдар экенин белгилеп, парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшүн каалады. Ал ошондой эле эки мамлекеттин ортосундагы соода жүгүртүү өткөн жылга салыштырмалуу 38%га өскөнүн белгиледи. Жолугушуу эки тараптуу кызматташтыктын бардык багыттары боюнча мазмундуу ишти улантууга биргелешкен аракеттерге жаңы дем берерине ишенерин билдиришти.