Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, УКМКга караштуу Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары – Башкы штабдын начальниги Курсанбек Бекташов ээлеген кызматынан бошотулду.
Мамлекет башчысы кол койгон дагы бир тескемеге ылайык Марат Маралбаев УКМКнын Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары - Башкы штабдын начальниги болуп дайындалды.